Видео — Окуучулар президент С.Жээнбековго ооз комузда ойноп беришти

Видео — Окуучулар президент С.Жээнбековго ооз комузда ойноп беришти

Билим АКИpress - Президент Сооронбай Жээнбеков, кечээ, 6-февралда Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышты.

Мамлекет башчысы борбор калаадагы №69 жана №12 мектептерге барып, класстарды көрдү жана окуучулар менен маектешти. Ага география, математика, немец тили, музыка жана сүрөт тартуу сабактары кандай өтөрүн көрсөтүштү. Окуучулар президент үчүн ооз комузда ойношуп, гимнастика, бий сабактарын көрсөтүп беришти.

№12 мектепте Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбордогу толук эмес жана ашыкча комплекттенген мектептердин абалы боюнча презентация жасады. Маалыматты уккан соң С.Жээнбеков айрым мектептер 40%га гана комплекттелгенин, ал эми башка мектептерде ашыкча комплекттөө 300%га чейин жеткенин, бул абалды терең талдап, тийиштүү чечим кабыл алуу зарыл экенин белгиледи.

Мектеп директорлору окуу жайлардагы негизги көйгөйлөр — мектептердеги класстардын ашыкча комплекттенгенин жана кошумча окуу имараттарынын жетишпей турганын айтышты.
Сооронбай Жээнбеков мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул аймактагы мектептерде окуучулардын өтө коп болуп жатканын белгиледи. «Бул маселе менин көңүл борборумда. Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Бишкек мэриясы менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча талдоо жүргүзүү тапшырмасы берилген. Анализ жасалды. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ал жерлерде жаңы мектеп курулат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат салынат», - деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Президент С.Жээнбековдун №69 мектептин окуучулары жана жамааты менен жолугушуусу.

Президент С.Жээнбековдун №12 мектептин окуучулары жана жамааты менен жолугушуусу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up