Нарындык окуучу Алибек математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло медаль тагынды (сүрөт, видео)

Нарындык окуучу Алибек математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло медаль тагынды (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Нарын шаарынын М.Субакожоев атындагы орто мектебинин 11-классынын окучусу Алибек Калыков математика сабагы боюнча дүйнөлүк олимпиадада 3-орунду камсыз кылды. Ал 3-даражадагы диплом менен сыйланып, коло медаль тагынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Мааалым болгондой, олимпиада Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 18 мамлекеттен 231 окуучу катышты.

Алибек буга чейин да олимпиадаларда ийгиликтерди жараткан. 8-классынан баштап олимпиадага даярданып келет. 9-класста окуп жүргөндө 11-класс болуп катышып, Нарын облусу боюнча 1-орунду, 10-класста облуста жана републикада 1-орунду камсыз кылган.


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up