Орловка шаарындагы бала бакчанын 3-блогу ачылды (сүрөт)

Орловка шаарындагы бала бакчанын 3-блогу ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 6-февралында Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы «Лесная сказка» бала бакчасынын 3-блогунун 130 балага ылайыкташтырылган 4 тайпасы ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Буга чейин аталган бала бакчанын 2 блогу иштеп, андагы 8 тайпада 230 бала тарбия алып жаткан. Бала бакчанын 3-блогун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 8 млн сом акча каражаты жумшалды. Анын 5 млн сому түрткү берүүчү гранддын эсебинен, 3 млн сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Бала бакча бардык керектүү эмеректер менен жабдылды.

Бала бакчанын 3-блогунун ачылышына Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Дүйшөбаев, Орловка шаарынын мэри Б.Чанчаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, «Алтын Кен» ЖЧКнын өкүлдөрү, Орловка шаардык кеӊешинин депутаттары, райондогу кеӊештердин төрагалары, ата-энелер катышты. Келген коноктор каалоо-тилектерин айтып, өздөрүнүн алып келген белектерин тапшырышты.

Кемин районунда бала бакчаларды, кошумча тайпаларды ачуу иштери 2019-жылы уланат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up