Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу өсүп жатат, - Россиянын агартуу министри

Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу өсүп жатат, - Россиянын агартуу министри

Билим АКИpress - Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын менен Россиянын агартуу министри Ольга Васильева билим берүү тармагындагы кызматташуу боюнча талкуулашты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Гүлмира Кудайбердиеванын иш сапарынын алкагында Москвада өткөн министрлердин жолугушуусунда билим берүү тармагында кызматташуунун ар кайсы багыттары талкууланды, анын ичинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана окуу китептерин адаптациялоо маселелери.

«Кыргызстан Россияны ар дайым стратегиялык өнөктөшү катары кабыл алган жана билим берүү тармагында активдүү кызматташканга даяр. Биздин өлкө үчүн өзгөчө кызыгууну математика жана табигый илим багытындагы окуу китептерин адаптациялоо жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери жаратат», - деп белгиледи Гүлмира Кудайбердиева.

Россиянын агартуу министри Ольга Васильева акыркы жылдары Кыргызстанда орус тилине кызыгуунун өсүп жатканын билдирди. Ал Россиянын билим берүү порталындагы материалдарын 37 миңден ашык киши колдонуп жатканын жана акыркы 2 жылда орус тилинен олимпиадаларга сыртынан катышкан кыргызстандык окуучулардын саны 3 эсе көбөйгөнүн (70 миңден 200 кишиге чейин) белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары мигранттардын балдары үчүн окутуу аянтчаларын түзүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча бирге активдүү иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up