Зуратай Абибекова — Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн убактылуу жетекчиси

Зуратай Абибекова  — Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн убактылуу жетекчиси

Билим АКИpress - Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин убактылуу милдетин аткарууучусу болуп Зуратай Абибекова дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Зуратай Абибекова Казакстан Республикасынын Кордай районуна караштуу Благовещенка айылында 1961-жылы төрөлгөн. 1979-жылы Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №32 мектепти аяктап, республикалык оорукананын травматология бөлүмүндө санитарка болуп иштеген.

1981-жылы орус тили жана адабияты боюнча Педогогикалык институтка тапшырып, аны 1985-жылы аяктаган.

Учурда Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында жашайт.

Эмгек жолу: 1985-жылы Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы 8 жылдык мектепке жумушка кирген. 1986-жылдан 2002-жылга чейин А.И.Ленин атындагы мектепте башталгыч класстын мугалими, «Комсомол» уюмунун катчысы, тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 2002-жылдан 2005-жылдарга чейин Аламүдүн райондук кеӊешинде жетектөөчү адис, уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштесе, 2005-жылдан тарта Ленин айылынын Ленин атындагы орто мектебинин директору болуп эмгектенип келген.

Зуратай Абибекова казак, кыргыз, орус жана немец тилдерин билет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up