Нарындагы Э.Токсобаев мектебинин окуучулары райондук «Манас таануу» сынагын жеңип чыгышты (сүрөт)

Нарындагы Э.Токсобаев мектебинин окуучулары райондук «Манас таануу» сынагын жеңип чыгышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун Эшпай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучуларынан куралган «Шер баян» тобу райондук «Манас таануу» интеллектуалдык таймашында жеңүүчү болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин окуучулары калыстар тобунун жогорку баасына татып, таймашта атаандаштарынан кыйла артыкчылыкка ээ болуп, 1-орунду ээлешти. Алар калыстардын суроолорунун бардыгына так жооп берип, көп упай топтоого жетишти. Эми алар таймаштын облустук этабына катышууга жолдомо алышты.

Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучулары буга чейин да ийгиликтерди жаратып келтишкен. 2015-жылы республикалык таймашта 2-орунду камсыздап, 2017-20018-жылдары катары менен республикада баш байгеге ээ болушкан. «Аларды мелдешке даярдоодо мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн мыктысы Гүлмира Жумагулованын эмгеги зор. Ал чыгармачылыгы, интеллектуалы күчтүү мугалим», - дейт мектептин директору Назира Касымбекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up