Мугалимдер.kg: Таластык кыргыз тилчи Н.Сыдыкова даярдаган окуучулар сынактардан дайыма байгелүү кайтышат

Мугалимдер.kg: Таластык кыргыз тилчи Н.Сыдыкова даярдаган окуучулар сынактардан дайыма байгелүү кайтышат

Таластык 37 жаштагы Нургүл Сыдыкова. Ал 17 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Анын окуучулары дилбаян жазуу боюнча сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Муратбек Туйтунов атындагы «Бакай-Таш» орто мектебинин «Үлгүлүү кыргыз тилчи» наамынын ээси, ɵз ишинин чебери Нургүл Сыдыкова 2002-жылдан бери агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Эмгек жолу өзү билим алган уясынан башталган. Ал эми бүгүнкү күндө Талас районуна караштуу Конезавод айылындагы мектепте балдарга сабак берет. Эне тилибиз үчүн күйүп-бышкан, билгенинин барын балдарга үйрөткөн мугалимдин окуучулары олимпиадаларда жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүдө.

Кыргыз тилчи 1982-жылы Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн. «Кыргыз тили жана адабияты сабагын берип жүргөнүмө 17 жыл болду. Талас мамлекеттик университетинин филология факултетинин бүткөм. Апам кесиби боюнча мугалим, кесипке болгон ышкыбозум балдар менен иштөөнү каалагандыктан, апамдын жолун жолдоп, бул ардактуу ишти аркалап жүрөм. Менин 2 сиңдим дагы мугалимдер. Алгачкы эмгек жолум Талас районуна караштуу өзүм окуган Көпүрө-Базар айылындагы Айдаралиев орто мектебинде башталган. Турмушка чыгып, Конезавод айылына келип, бул элеттеги мектепте эмгегимди улантып, балдарга татыктуу билим берип келе жатам. Мен үзүрлүү эмгектеримдин арты менен көптөгөн ардак баракчалар менен сыйландым. Жумуш күнүмдө бактылуу жана кубанычтуу көз ирмемдер көп болду.

«Сапат» мектептер арасында 3 тармакта олимпиадалык таймаштар болуп турат. Анда көйгөйлүү маселелер боюнча долбоор жасоо, эссе жазуу жана өнөр көрсөтүү сынагында окуучум «Эне тилди өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек?» деген темадагы долбоору менен район, областтар арасында 1-орунду алып, республикадан байгелүү орунга ээ болгон. Ал жакка барганда «жөнөкөй мектептен келдинерби?» деп таң калышкан. Себеби дайыма «Сапат» лицейи алдыңкы орундарды берчү эмес экен.

2017-жылы 37 мектеп катышкан «Жылдын мыкты мугалими» сынагында 2-орунду алгам. «Үлгүлүү кыргыз тилчи» деген сынактан да 2-орунду камсыздагам. Андан тышкары, интеллектуалдык таймаштарды даярдайм, окуучулар арасында мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп келебиз.

Кыргыз тили аркылуу окуучуларды сабакка гана үйрөтүпөстөн, тарбия дагы берем. Класс жетекчилик милдетти аркалап, тарбия иштерин көзөмөлдөп, 2 класс бүтүргөнгө жетиштим. Окуучулардын алды сыймыктанчу иштерди жасап жүрүшөт.

Баёо сезимге бай балдар менен иштөөдө кызыктуу учурлар көп болот. Бир майрамда окуучуларым гүлдөрүн башкача жол менен белек кылылы деп чечишкен экен. Эженин колуна берсек, адаттагыдай урушуп, албай коёт дешиптир. Гүлдөргө жиптерди байлап, кире турган эшиктин жогору жагына коюшкан экен, айтор, техникалык жолдорун ойлоп табышыптыр. Баары сыртка чыгып, эшикти кулпулап коюшуп, «ача албай жатабыз» деп мени чакырышат. Ачсам эле гүлдөр биринин аркасынан бири түшүп, гүлгө курчалгам. Урушпай эле рахматымды айткам (күлүп).

Жылда окуучуларым менен сынактарга катышып турабыз. Өз билимимди өркүндөтүү үчүн борборго барып, окуп келип жүрдүм. Жаңы методикалар боюнча алган билимдин пайдасы көп тийди деп ойлойм. Дагы бир жылы «Сапат» жана башка 28 мектеп арасында өткөн сынакка катышып, «Мыкты долбоор жана дилбаян» деген наамы жеңип, окуучуларым 1-орунду камсыздаганда аябай кубангам. Башка мектептен бир мугалим келип, мени кучактап: «Жөнөкөй мектептен келип, орун алып жатасыңар», - деген. Ошондой жакшы көз ирмемдер унутулбайт экен.

Жыл сайын ар кандай темада дилбаян жазуу боюнча сынактар өтүп, окуучуларым катышып турушат жана акчалай сыйлыктарга ээ болушат. Тарых жана маданиятты өнүктүрүү жылында бир окуучум республика боюнча 2-орунга ээ болгон. Эссе жазууда «дүйнөгө кандай маселени коё алам?» деген суроонун негизинде бир окуучум катышып, райондон утуп чыккан. «Бүгүнкү күндө кандай көйгөйлөр орун алып жатат?» деген темада дагы окуучум дилбаян жазып, сыйлыкка татыган. Балдардын логикасын ойготуудагы дилбаян жана эссе жазуу иштерин көп алып барам. Негизи, ар бир ɵткɵн сабагым окуучунун жан дүйнөсүн козгоп, турмуш сырларын ачып, сɵз байлыгын көбөйтүп жана анын баркын билгенге тарбиялап, кыргыздын патриот жаштарынын өсүп келе жатканына себепчи болууга аракет жасап келем.

Жакында биздин мектепте «Мен сүйгөн Ч.Айтматов» деген тасма тартылды. Анда мен кыргыз тили мугалим болуп, 2 кадрга тартылдым. Ал тасма жер-жерлерде коюлуп жатат.

Уулуу кызым да балдар менен мамиле түзүп, аларга билгенин үйрөткүсү келе берет. Башталгыч класстын мугалими болом деп калат. Менин жолумду улайт го деп, сүйүнүп калам. Балдарга жашоодо чыныгы адамдык ордун табууга жардам бергим келет», - деп айтып берди кыргыз тили мугалими.

Нургүл Сыдыкова үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулдун апасы.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up