Новопокровкадагы семинарда окуучулар мугалимдерди англисче сйүлөп тосуп алышты

Новопокровкадагы семинарда окуучулар мугалимдерди англисче сйүлөп тосуп алышты

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка №1 орто мектебинде райондогу англис тили мугалимдеринин семинары болуп өттү. Анда окуучулар келген конокторду англисче сүйлөп тосуп алышты. Бул тууралуу аталган мектептин англис тили мугалими жана мектептин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Жибек Сокеева аймактык кабарчыга билдирди.

«Биздин мектепте «Англис тилин үйрөтүүнүн эфективтүү жолдору» деген темада семинар өтүп, ага 30га чукул англис тилчи мугалимдер катышышты. Районубузда жалпысынан 50гө дакын мектеп бар. Биздин окуучулар келген конокторду «Кош келиӊиздер, төргө өтүӊүздөр, бул класска кириӊиздер, бизден кандай жардам керек?» деп, англисче сүйлөп тосуп алышты.

Семинардын жүрүшүндө «Интелектуалдык англис тили оюну уюштурулуп, ага 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып, тайпа-тайпа болуп бөлүнүп ойношту. Биз аларды класс-класс кылып бөлбөй, 11-класстын бир баласын, 10-класстын бир окуучусун тандап, жаш курактарын аралаштырып, тайпа түзүп бердик. Аларга конок мугалимдер калыстык кылышты. Негизинен семинар жогорку денгээлде өтүп, келген мугалимдерден алкыш сөздөрүн уктук», - деди ал.

Аталган мектеп 1961-жылы негизделген. Анда 1 миң 22 бала билим алат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up