Мугалимдер.kg: Ат-башылык англис тилчи Жибек Сокеева Ысык-Атадагы өзүнүн эжейине орун басар болуп иштеп калды

Мугалимдер.kg: Ат-башылык англис тилчи Жибек Сокеева Ысык-Атадагы өзүнүн эжейине орун басар болуп иштеп калды

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Биздин кезектеги каарманыбыз – Ысык-Ата районунун Новопокровка №1 орто мектебинин англис тилчи мугалими жана мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сокеева Жибек Каныбековна. Ал өзүнүн окуучулук кезинде окуткан мугалими менен чогуу иштешип жүрүп, киийн анын орун басары болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.


«Мен 1977-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөм. Окуучулук кезимде эле аябай активист болчумун. Анда маданият министри болчумун. Тарбия завучубуз менен көп иштерди жасадым. Маданият үйүнүн аркасында, эски мечиттин жанындагы көчөдө жашачу элек. Ал көчөдөгүбалдар-кыздардын баарын жыйнап алып, сайга экскурсияга чыгарып, ар кандай оюндарды уюштурчумун.

Азыркы Новопокровкадагы мектеп директорубуз Чынара Мамбеталиева менин мугалимим болчу. Тагдырдын жазганын кара, бара-бара ошол мугалимимдин алдында иштеп калдым. Менбуга сыймыктанам! Ал абдан мыкты, өз ишин билген, мугалимдер менен окуучуларга шарттарды түзүп, көптөгөн долбоорлор менен иштегенди билген жетекчи. Күндө изденүүнүн үстүндө жүргөн адам» - деди ал.

Жибек Сокеева 1994-жылы мектепти аяктап, Нарын педогогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1998-жылы бүтүргөн. «Ушул эле жылы Нарын мамлекеттик университетинде филология, англис тили жана адабият адистиги боюнча билим алып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктап алдым. В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында эмгек жолумду баштагам. Ал жакта 2005-жылга чейин иштеп, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Ивановка айылына көчүп келдик. №2 мектебине анлис тили мугалими болдум. Андан кийин ушул эле айылдагы №4 башталгыч мектепте англис тили мугалими болуп иштедим. 2010-жылы Новопокровка №1 орто мектебине окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп, 2017-жылдан кийин ден соолугума байланыштуу тарбиялык иштери боюнча орун басары болуп кеттим.

Айтмакчы, мен 2013-2016-жылдар аралыгында кошумча аскер адамдарына англис тилинен сабак берип да иштедим. Биздин айылда чек ара кызматы бар. Аларда атайын окуу борбору да ачылган. Анда күзөттөрдө турган офицерлерге, чет өлкөгө окууга кетип жаткан курсанттарга англис тилинен сабак берчүмүн», - деп айтып берди англис тилчи ал.

Ардактуу мугалим үзүрлүү эмгегинин арты менен бир топ ардак баракчаларга, сыйлыктарга татыган.

«Бир кызым бар. Жолдошум дагы Ат-Башы районунан. Ал экөөбүз кызым кичинекей кезинде, турмуштун оош-кыйышынан улам эки башка жолго түшкөнбүз. «Эми мен жалгызмын» деп тагдырга нааразы болбойм. Өзүмдүн сүйүктүү кесибим бар. Кызым, апам, бир туугандарым, эмгек жамаатым жанымда, ар дайым колдоп келишет. Мен өз жашоомду татыктуу жашап, өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Өзүм үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусумун», - деп айтып берди мугалим үй-бүлөсү тууралуу.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up