Ысык-Атынын окуучулары Жогорку Кеңеш менен таанышышты (сүрөт)

Ысык-Атынын окуучулары Жогорку  Кеңеш менен таанышышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы О.Жакишев атындагы орто мектебинин 8-11-класстарынын окуучулары Жогорку Кеӊешке барып, Ак үйдүн тарыхы менен таанышышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Гүлжан Байтемирова билдирди.

«8-класстан 11-класска чейинки 18 окуучу тандалып, Жогорку Кеңешке барып келишти. Алар Ак үйдүн тарыхы, коомдук ишмерлердин басып өткөн жолу менен таанышып, Конституциянын мааниси тууралу маалыматтарды алышты. Ошондой эле ЖКнын депутаты Дастан Бекешов менен окуучулар баарлашууга мүмкүнчүлүк болду. Андан сырткары, окуучулар чоӊ залды, батыш-чыгыш залдарын, китеп окуу залын жана аталган депутаттын иш бөлмөсүн да кыдырып чыгышты», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up