Нарындагы Р.Усубалиев мектебинде «Энелер мектеби» уюштурулуп, сабактар өтүлүүдө (сүрөт)

Нарындагы Р.Усубалиев мектебинде «Энелер мектеби» уюштурулуп, сабактар өтүлүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Рысбек Усубалиев атындагы орто мектебинде
«Энелер мектеби» уюштурулуп, сабактар өтүлүүдө. Бул тууралуу аталган мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Саламат Абдыбилиев маалымдады.

«Энелер мектебин» уюштуруунун эӊ башкы максаты — коомчулук менен мектептин байланышын чыӊдоо менен энелердин балдарга болгон жоопкерчилигин күчөтүү. Себеби көпчүлүк жакшы сапаттарды энелерден балдарга өткөнүн эске алып, айыл жериндеги энелерге үй-бүлөдө балдарды мектепке даярдоо, акыл-эс, адеп-ахлак тарбиясы жөнүндө алгачкы педагогикалык маалымат берүү.

Ошондой эле башка максаттар да каралган:

- Үй бүлөдө балдардын сезүү, кабылдоо, ойлоо, эстеп калуу ж.б. таанып-бүлүүгө, билим алууга зарыл сапаттарын калыптандыруунун эӊ жөнөкөй жолун, методун ыкмаларын үйрөтүү.

- Энелерге, айрыкча жаш энелерге балдарды тарбиялап өстүрүүгө кызыгууну, жоопкерчиликти ойготуу.

- Азыркы шартта көпчүлүк балдардын (90%) балдар бакчасына барбагандыгын эске алып, балдардын мектепке чейинки бардыгын үй-бүлөдө толтурууга аз да болсо энелерге көмөктөшүү.

- Эӊ жөнөкөй педагогикалык маалыматтардын негиздерин билген эне-тарбиячы, эне-педагогду даярдоо аркылуу мектепке келе турган балдар үчүн үй-бүлөдө алгачкы мектеп – «Эне мектебин» даярдоого көмөктөшүү.

«Эне мектеби» ишмердүүлүгүнүн башкы багыттары жана мазмуну:

- Машыгуулар атайын прграмманын негизинде өтүлөт.
- Бала тарбиялоодо эненин милдетин жана ролун түшүндүрүү.
- Билим баалуулугу.
- Энелердин өздөрүнүн үй-бүлөдө балдарга татыктуу таалим-тарбия берүү, мектепке балдарды даярдоо жөнүндө билим-маданият деӊгээлин көтөрүү.
- Элдик педагогиканы үй-бүлө тарбиясында пайдалануу.
- «Мыкты үй-бүлө», «Үлгүлүү эне» тажрыйбасын үйрөнүү.
- Балдарды ар тараптуу өстүрүүчү оюндарды уюштуруу методикасын өздөштүрүү.
- «Мыкты эне», «Мыкты үй-бүлө» сынактары өткөрүлөт.

Жана да башка багыттарды жана мазмундарды өз ичине камтыйт.

«Эне мектебинде» өтүлүүчү машыгуулардын түрлөрү:
- Аӊгеме
- Лекция
- Диспут-дискуссия
- Жолугушуу, пикир алмашуу
- Ролдоштуруу, сынак

Сабактар атайын түзүлгөн жүгүртмөнүн негизинде мугалимдер тарабынан өтүлүүдө жана өтүлүп жаткан окууларга энелер активдүү катышып жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up