Депутат Ирина Карамушкина мектептерде иштеген мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Эмне үчүн?

Депутат Ирина Карамушкина мектептерде иштеген мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Эмне үчүн?

Билим АКИpress - Депутат Ирина Карамушкина (КСДП) 7-февралда парламенттин жыйынында ар кандай көйгөйлөргө карабастан, мектептерде ишин улантып жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Ал Жаңы-Жер айылынын жашоочулары менен жолугуп келгенин билдирди. «Педагогикалык жамаат көп маселени көтөрдү. Билим берүү сапатын, эмгек акынын төмөндүгүн, китептердин жетишсиздигин эске алуу менен мектептерде иштөө үчүн калган мугалимдерге ыраазычылык билдиргим келет», - деди И.Карамушкина.

Ал көпчүлүк маселелерди жеринде чечүүгө болот деп эсептейт. «Аталган мектепте окуучулардын саны нормадан ашып кеткен. Мугалимдер райондук билим берүү бөлүмү бюджеттен акча кеткендиктен, класстарды көбөйтүүгө уруксат бербей жатканын айтышууда. Ошондуктан мугалимдер 42-45 окуучуга толгон класстарда иштешет. Кайсы сапат тууралуу айтууга болот? Мектепте иштебегендер муну түшүнбөшү мүмкүн. Балдарга жаңы материал үйрөтүп, ар бирин сурап чыгуу — бул кыйын», - деди ал.

Ошондой эле депутат көпчүлүк ата-энелер балдарынын билим алуусуна көңүл бурбай калганын айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up