Бурятияга тил билбей барган Азамат дүйнөдөгү эң терең көлдүн жээгинде билим алып жатат (сүрөт)

Бурятияга тил билбей барган Азамат дүйнөдөгү эң терең көлдүн жээгинде билим алып жатат (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Азамат Алмазбеков. Ал

Мен 1995-жылы 28-апрелде Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келгем. Ал эми балалык чагым Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүндөгү Шагым айылында өттү. 5 жашымда эле мектеп окуучулары менен математика сабагы боюнча жарышып, кээде жеңип алчумун. Мектепте «5» деген бааларга окудум. Грамота албай калсам капа болчумун. Апамдын «иш кылбасаң да, жакшы оку» деген сөзү жакшы окушума чоң түрткү болгон. «4» алганда апам урушкан күндөр да болду.

Эсимде, бир жолу адеп сабагынан «2» алып, ал баракты күндөлүктөн жыртып салгам. Андай баа алуу мен үчүн уят нерсе эле. Алгач «Шагым» орто мектебинде окуп, 11-классты Куршабдагы №14 гимназиядан бүтүрдүм.

Мектепти бүтүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы упай топтоп, борборду көздөй жөндүм. Жол көрсөтөр бирөө -жарым болбогон соң, кесип тандоо мен үчүн кыйын болду. «Манас» университетинде өзүнчө сынак алгандыктан, күчүмдү сынап көрдүм. Сынактан ийгиликтүү өтүп, маркетинг тармагында окуп калдым.

Биринчи жылы даярдык курсунда окудум. «Манас» университетинде көптөгөн досторду таптым. Биздин тайпада 7 областтан тең студенттер бар болчу. Ошондой эле украин жана казак улутундагы студенттер да бар эле.

Түрк тилин бат эле өздөштүрдүм. Тайпабыз менен топ түзүп, ар кандай билим таймаштарына катышып жүрдүк. Кийинчерээк «Инсандык өнүгүү» клубуна мүчө болдум. Ал жакта ар тараптан ийгиликке жеткен адамдар келип, мотивациялык лекцияларды окуп турчу.

Бишкекке келип, кыздардын чылым чегип жүргөнүн көрүү мага аябай өөн учураган. Орус тилин жакшы билчү эмесмин. Окуудан киийн «Ата-Түрк» паркында иштеп жүрдүм. Бир жолу бир байке 2 баласын аттракционго түшүрүп, «канча болот?» десе, 70 сомду орусча айта албай, «семнадцать» дегеним эсимде. Көпкө түшүндүрө албай кыйналгам. 1 жыл окуп, маркетинг мен үчүн эмес экендигин түшүнгөн соң, Россияны көздөй сапар алдым.

Автономдуу округ статусундагы Бурятия Республикасына келдим. Борбор шаары Улан-Удэ шаарында жашап, иштеп калдым. Бурятия аймагы 351 миң 334 км2. Калкынын саны — 982 миң 940. Айтылуу Байкал көлү Бурятияда жайгашкан. Дүйнөдөгү ичүүгө жарамдуу суунун 20%ы Байкалда. Буряттардын келбети бизге бир аз окшоп кетет. Тилинде да окшоштуктар бар. Мисалы: кара-хара, алтын-алтан, булак-булаг ж.б. Ысымдарыбыз да окшош. Бул жактагы кыргыздар майрамдарды чогулуп белгилейбиз. Жакында эле улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата кече болгонун окудум эле. Бирок өзүм катыша албай калдым.

«Билим алуунун эрте кечи жок» деп, 2016-жылы Бурятия мамлекеттик университетинин медицина тармагына тапшырдым. Чындыгында кыргыз мектепти бүтүп келип, орус тилинде окуп кетүү аябай оор болду. Медицина тармагын тандап алуумдун себеби — мурун атам педиатр, апам айылда ФАПта медайым болуп иштеген. Кичинекейимден врач болом деп кыялданчумун. «Башка түшсө — байтал жорго дегендей», тайпалаштарыма аралашып жүрүп, тилди да өздөштүрүп кеттим. Мугалимдер Кыргызстан жөнүндө сурап калышат. Айрымдар «алманы үйүңөрдүн алдынан үзүп жейсиңерби?» деп таң калышат. Жакында эле бир мугалимибиз Ысык-Көл тууралуу айтып бергенде ичим жылыды. «Аябай таза көл, тамактары да натуралдык» деп мактап, көңүлүмдү көтөрдү.

1-курста эл аралык мамилелер факультетинин уюштуруусунда Байкалга бардык. Ал жакта көп улуттун өкүлдөрү болду. Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Монголия, Япония ж.б. Байкал дүйнөдөгү эң терең көл. Аябай кооз. Кышында барганыбыз үчүн көлгө түшө албадык. Болгону башка улуттун өкүлдөрү менен таанышып, көлгө суктанып кайтканбыз.

Менден жогорку курста окуган кыргыз студенттер 1-курсумда колдон келген жардамын беришти. Мен да 3-курс болуп, кичүү курстагы мекендештерге бир аз да болсо колдоо көрсөтүп келем. Алыс жерде бир гана кыргыздар эмес, мусулманмын дегендин баарына жакын болуп калат экенсиң. Өзбекстандык 2 курсташым бар. Алар менен аябай жакшы мамиледебиз., бири-бирибизге жардам берип турабыз.

Кээде мугалимдер «Фамилияң Алмазбеков экен, президенттин тууганы болосуңбу?» деп сурап калышчу. Ошол учурда Алмазбек Атамбаев президент болчу.

1-курста окуп жүргөндө факультеттер аралык футбол турниринде 2-орунду алганбыз. 2-курста конференцияга катышып, «Үй-бүлө же карьера?» деген темада баяндама жасап, сертификатка ээ болдук», - деп айтып берди Азамат чет өлкөдөгү билими жана жашоосу тууралуу.

Мекендешибиз келечектеги пландары, максаты жөнүндө да айты кетти. «Окуумду аяктап, Россиядан бир аз тажрыйба топтоп, мекениме кайтып барсам дейм. Бул жактан окуп үйрөнгөндөрүмдү мекениме барып, элиме кызмат кылгым келет.

Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын. Менден улуу агам, эжем жана менден кичүү иним бар. Учурда апам, мен жана иним бул жакта жашайбыз. Апам менен иним иштеп, менин окуума жардам беришет.

Окуйм деген ага-инилериме айтарым, окуунун эрте кечи жок. Анан да чет өлкөдө окугандан коркпоңуздар, качпаңыздар. Аракетке берекет! Чет өлкөдөн бизде жок көп нерсени үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр көп», - дейт Азамат Алмазбеков.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up