Б.Бейшеналиева мектебинин окуучулары сергек жашоого умтулуу керектигин түшүнүштү (сүрөт)

Б.Бейшеналиева мектебинин окуучулары сергек жашоого умтулуу керектигин түшүнүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинин 6-11-класстарында 2019-жылдын 28-январынан 8-февралына чейин класс жетекчилер тарабынан «Коопсуздук жүрүшү: Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу» деген темада тарбиялык иш-чаралар өтүлдү.

Аталган мектептен билдиришкендей, тарбиялык сабактар «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

«Иш-чарага окуучулар активдүү катышты. Ар бир окуучу өзү оюн кенен айтып, жаман адаттарга барбай, сергек жашоого умтулуу керектигин түшүнүштү. Ошондой эле башкаларды да сергек жашоого үгүттөшөрүн айтышты. Сабакты окуучулар толугу менен өздөштүрүштү», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up