Балыкчылык мугалим Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча видеотасма тартып, республика боюнча 2-орунду алды (видео)

Билим АКИpress - Балыкчы шаарындагы №4 гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими Махабат Кыязова Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча кыскача тасма тартып, республика боюнча 2-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мугалим өзү билдирди.

Анын айтымында, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Деңиз бойлой жорткон Ала Дөбөт» чыгармасындагы Кириск баланын монологун көлдүн жээгинде кыскача тасма кылып тарткан.

«Монологдогу Кириск баланын ролун 6-класстын окуучусу Нуркыз Иманова аткарган. Видеотасманы тартып бүткөндөн кийин Бишкеке салып жибергенбиз. Жыйынтыгында биз 2-орунду ээледик», - деди Махабат Кыязова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up