Ноокендеги №35 Ш.Сүйөркулов мектебинде жаңы ашкана ачылды (сүрөт)

Ноокендеги №35 Ш.Сүйөркулов мектебинде жаңы ашкана ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган мектептин директору Уланбек Уметов билдирди.

Ашкананын жалпы сметалык баасы 1 млн 200 миң сом. Каржы булагы жергиликтүү бюджеттен каралып, заман талабына ылайык салынды. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 59 миң 110 сом бөлүнүп, ага ашканага керектүү идиш-аяктар, эмеректер алынды. Мектеп жамааты 27 миң сомго тамак бышыруучу меш жана муздаткыч алып беришти.

Ашкана 30 орундуу.

Ашкананын ачылышына Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов, ата-энелер жана мектеп жамааты катышты. Айыл өкмөт башчысы Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата дагы да иштерди пландаганын жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн талбай кызмат кыларын белгиледи. Ошондой эле ал жумушчу топко, мектеп жамаатына жана ата-энелерге ыраазычылыгын билдирди.

Келген коноктор, айыл аксакалдары келечек муун үчүн аткарылган иштерге токтолуп, окуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up