Ат-Башынын Ак-Муз айылындагы мектепте «Манас таануу» кабинети ачылды (сүрөт)

Ат-Башынын Ак-Муз айылындагы мектепте «Манас таануу» кабинети ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинде «Манас таануу» кабинети ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, аталган мектептин география мугалими Кайрат Калчаев 70 миң сомго «Манас таануу» кабинетин ачкан. Айыл өкмөттөн 25 миң сом которулуп, мектеп мугалимдери дагы көмөк көрсөтүшкөн. Эми «Манас таануу» боюнча сынактарга катышкан окуучулар ошол жерден сабак алып, даярданышат. Мугалим Кайрат Калчаев «Манас» деген жазуусу бар ташты издеп жүрүп таап алган. Кабинетте «Манас» эпосун чагылдырган баалуу сүрөттөр илинген. Ошондой эле Манастын курал-жарактары дагы коюлган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up