Ат-Башыда С.Каралаевдин 125 жылдыгына карата «Манас таануу» сынагы өттү (сүрөт)

Ат-Башыда С.Каралаевдин 125 жылдыгына карата «Манас таануу» сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналган «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинин алдындагы «Устат–шакирит» салттык музыкалык борбору тарабынан уюшулган ийримдин окуучулары «Маңкурт» чыгармасынан үзүндү аткарып, иш-чараны ачып беришти.

Сегизинчи жылы уюшулуп жаткан «Манас таануу» интеллектуалдык сынагынын ройондук туруна жалпы 21 команда катышты. Иш-чарага ошондой эле белгилүү манасчылар, президенттин аппарат жетекчиси дагы келишти. Анда «Манас» эпосунан суроолор берилип, жогорку упай топтогондор финалга чыгышты. Калыстардын баасы менен Кара-Суу айылынан келген «Хан-Кошойдун урпактары» командасы 1-орунду алып, облустук турга жолдомо алышты.

Алдыңкы орунга илингендерге баалуу белектер берилип, сынакка катышкан ар бир командага «Манастын» чоң китеби тапшырылды. «Манас» эпосунун жайылуусуна салым кошкондор ардак грамота, ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up