Ак-Муз айылында 70 окуучу биргеликте «Манас» эпосунан үзүндү айтышты (сүрөт, видео)

Ак-Муз айылында 70 окуучу  биргеликте «Манас» эпосунан үзүндү айтышты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында «Манас таануу» боюнча семинар өттү. Анын алкагында 70 бала «Манас» эпосунан 7 мүнөт үзүндү айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Боогачы атындагы орто мектебинин мугалими Байыш Абдыбеков билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин 5-6-7-класстарынын окуучуларына 150 сомдон окшош калпак тигилген. Алар «Манас» эпосундагы «Манас менен Кыз Сайкалдын эр сайышынан» үзүндү айтышты.

«Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын Боогачы атындагы орто мектебинде «Манас таануу» сынагы өтүп, анда 70 окуучу «Манас» айтышты. Ата-энелер менен сүйлөшүп, 70 балага окшош калпак тиктирдик. Калпакка атайын логотип түшүрүлүп, ар бир калпак 150 сомдон жасалган. «Манас» айтууга 5-6-7-класстардын окуучулары катышты», - деди Байыш Абдыбеков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up