Оор жаракат алса да, тик учактын башкаруусун жоготкон эмес: Кант шаарында окуучулар полковник Николай Майдановду эскеришти

Оор жаракат алса да, тик учактын башкаруусун жоготкон эмес: Кант шаарында окуучулар полковник Николай Майдановду эскеришти

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кант шаарындагы «Жаш муун» аттуу өспүрүмдөр армиясынын отряддарына «Эскерүү сабагы» өтүлүп, анда полковник Николай Майдановдун унутулгус эрдиктери эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кант шаарындагы учак базасынын басма сөз катчылыгы билдирди.

«Маркум Николай Майданов СССРдин жана Россиянын Баатыры наамына татыган. Ал акыркы жолу асманга учак менен көтөрүлгөндө, өзүнүн досторун согуш майданында таштап кеткен эмес. Эвакуация учурунда анын көкүрөгүнө душмандын огу тийип, оор жаракат алат. Ошого карабай, рулдан колун бошоткон эмес. Тик учак жогору көтөрүлгөндөн кийин да мойнунан олуттуу жаракат алган. Анткени ылдый жактан душмандар тынбай ок атып турушкан. Натыйжада эӊ негизги кан артериясы жабыркайт.Ббирок учакты башкаруусуз калтырган эмес. Ал жерге конорго аз убакыт калганда, көп кан жоготкондондуктан каза болгон. Тик учакты жерге кондурууда экинчи учкуч улантып кеткен. Маркум согуштун кан күйгөн талааларында 4 миң саат тик учак менен учкан», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up