Панфиловдо билим берүү мекемелеринин жетекчилерине иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби тууралуу түшүндүрүштү

Панфиловдо билим берүү мекемелеринин жетекчилерине иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби тууралуу түшүндүрүштү

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районунда «Убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча төлөмдөрдү төлөө жөнүндө» жобону түшүндүрүү максатында семинар өттү. Аталган жобо КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрдагы №434-токтому менен бекитилген. Анда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билим берүү кызматкерлерине толук маалыматтар жеткирилген. Бул тууралу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымы Айша Абдраимова кабарлады.

Анын айтымында, семинарга окуу-тарбиялоо мекемелеринин, профсоюз уюмунун жетекчилери жана башкалар катышты. «Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын каттоо журналынын түзүлүшү, кандай шартта, учурда эмгекке жарамсыздык баракчалар 100%га төлөнөрү жөнүндө кеңири түшүнүк бердик. Ар бир маселелер жаатында семинарда талкуу да жаралды. Баракчаларды сабаттуу толтуруу убаракерчиликтин азайышына шарт түзөт. Интернет менен туташтырылган билим берүү мекемелери иш кагаздарын жүргүзүүнү ыкчам, сапаттуулугуна көңүл буруу зарыл. Бул — коомдун талабы. Анткени, 2019 – Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу — турмуштун зарылчылдыгы.

Семинарда иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө райБББнүн жетектөөчү адиси Т.Абдразаева да маалымат берди. Ал билим берүү мекемелерине тийиштүү официалдуу иш кагаздарынын уюштурулушу, буйрук, протокол, официалдуу каттардын талаптагыдай түзүлүшү, иш кагаздарынын номенклатурасы жөнүндө айтып берди.

«Негизи, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча иш кагаздарын толтурууда типтүү эрежелерди эске алып, айрым маселелер боюнча түз байланышта маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө токтолдук», - деди профсоюз комитетинин төрайымы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up