Кыргыз билим берүү академиясынын президенти менен вице-президенти алмашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кыргыз билим берүү академиясынын президенти менен вице-президенти алмашты. Бул тууралуу 12-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Академияны Токтомаметов Алмаз Дактарбекович жетектеп калды.

Вице-президенти болуп Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович дайындалды.

407f76b146832e36261c05b0092fa0fe_0_500_0 Алмаз Токтомаметов — педагогика илимдеринин кандидаты, юриспруденциянын магистранты. Эмгек жолун кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.

1987-1998-жж. Кыргыз билим берүү академиясында иштеп, кенже кызматкерден жетектөөчү илимий кызматкерге чейин жеткен.

1999-2000-жж. Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы болгон.

2000-2013-жж. Эл аралык долбоорлордо иштеген.

2013-жылы Кыргыз билим берүү академиясынын Мектепке чейинки, башталгыч жана мектептик билим берүү лабораториясын жетектеп калган.

Алмаз Токтомаметов 50 илимий макаланын, башталгыч мектеп үчүн 3 «Адабий окуу» китебинин автору. Педагогдор үчүн 50 окуу-методикалык колдонмону кыргыз тилине которгон жана «Англо-орус-кыргыз сөздүгүнүн редактору болгон. Улуттук билим берүүнүн мыктысы.

Уланбек Мамбетакунов — педагогика илимдеринин доктору, профессор. Адистиги — физика 456b6ae37e2ea03aa0fdf203024f84dd_0_500_0 мугалими.

Эмгек жолун физика жана информатика мугалими болуу менен баштаган.

2002-жылдан азыркы кезге чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында, Кыргыз-түрк кыздар кесиптик лицейинде, Эл аралык Плато университетинде, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинде, Евразия университетинде, Адам университетинде/Бишкек финансы-экономикалык академиясында эмгектенген.

2008-жылдан бери Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери болуп эсептелет.
Москва мамлекеттик университетинен квалификациясын жогорулатып, КЭР, Италия, Армениянын университеттеринен кошумча билим алган.

КР Билим берүүсүнүн мыктысы. Илим жана технология жаатындагы мыкты илимий иштери үчүн КР өкмөтүнүн Алтын диплому, илим тармагындагы иштери үчүн Михаил Ломоносов атындагы медалы (European Scientific and Industrial Consortium) менен сыйланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up