Кадамжайдын Кызыл-Булак айылында жардамга муктаж 25 окуучуга окуу куралдары тапшырылды

Кадамжайдын Кызыл-Булак айылында жардамга муктаж 25 окуучуга  окуу куралдары тапшырылды

Билим АКИpress - Кадамжайдын Кызыл-Булак айылында жардамга муктаж 25 окуучуга окуу куралдары тапшырылды. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 11-февраль күнү Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак айылындагы «Көксал-Топтан» жана Молдо-Нияз орто мектептериндеги 25 жардамга муктаж окуучуга акысыз окуу куралдары тапшырылды. Бул демилгени аталган айылдан Москва жана Бишкек шаарларына барып эмгектенип жаткан жаштар көтөрүп чыккан. Айылдаштар акча каражаттарын чогултуп, жардамга муктаж окуучуларга жардам беришүүдө. Айыл тургундары бул демилге мындан ары да уланарын айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up