Кадамжайдагы Козубай мектебинин окуучулары Ооган согушунун ардагери менен жолугушту (сүрөт)

Кадамжайдагы Козубай мектебинин окуучулары Ооган согушунун ардагери менен жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 12-февралда Кадамжай районуна караштуу Козубай атындагы орто мектебинин окуучулары Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мектептин директору Ташхан Мадалиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жолугушууга Ооган согушунун ардагери, бир канча орден, медалдардын ээси Турдумамат Шамурзаев катышып, миңдеген жоокерлердин өмүрүн алган апаат согуш жөнүндө айтып берди. Окуучулар да кызыкан суроолорун беришип, патриоттук тарбия алышты. Окуучулар жоокердик дубал гезиттерин жактап, аскердик көрүнүштөрдү тартуулашты.

Турдумамат Шамурзаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен «Тегирмеч», Козубай, Т.Мадарипов атындагы орто мектептеринин мугалимдери арасында волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурулуп, 1-2-3-орундарды алгандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up