Ак-Талаадагы С.Жусупбаев мектебинде англис тили жумалагы башталды (сүрөт)

Ак-Талаадагы С.Жусупбаев мектебинде англис тили жумалагы башталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинде англис тилин окутуу боюнча жумалык башталды. Бул тууралуу аталган мектептин директору Мирбек Чырмыев билдирди.

Маалым болгондой, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан берилген тапшырма боюнча, аталган орто мектепте «Англис тилин окуйбуз» аттуу теманын алкагында бир катар иш-чаралар өтүлүүдө. Окуучуларга англис тилин окутуу боюнча иш-чара мектеп мугалими Чолпон Керменова тарабынан ишке ашырылууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга англис тилин окутуу, ырларды жаттоо, дилбаян жазуу, ар кандай оюн-зоокторду уюштуруу, окуу куралдарын көргөзмөгө коюу жана башка программалар камтылган.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up