Жаңы-Тилек айылында балдарга ырайымсыз мамиле жасабоо боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылында өспүрүм балдарга ырайымсыз мамиле жасоону алдын алуу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Мирбек Чырмыев билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектепте жаш балдарга ырайымсыз мамиле, зордук-зомбулук көрсөтпөө, өзгөчө мигрант балдарга аяр мамиле жасоо, мектеп рэкетчилигин болтурбоо, өспүрүмдөр арасында кылмыш-кырсыктардын алдын алуу жана башка маселелер боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up