2018-жылы Кыргызстанда 88 окуучу өз өмүрүн кыйган

Гульмира Кудайбердиева
Гульмира Кудайбердиева

Билим АКИpress - Кыргызстанда 2018-жыл ичинде 136 бала зордук-зомбулукка кабылып, 88 окуучу өз жанын кыйган. Мындай маалымат 13-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин Бишкектеги жыйынында айтылды.

Бул мектептерде алдын алуу иштеринин, анын ичинде ата-энелер менен жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасы, деп эсептейт министр Гүлмира Кудайбердиева.

«Кечээ эле жалпыга маалымдоо каражаттары 2 окуя тууралуу маалымдашты — Базар-Коргондо 15 жаштагы өспүрүм асынып алууга аракет кылса, Караколдо 11-класстын окуучусун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүштү. Менин оюмча, бул мектептердин жетекчилери директордук кызматты элөөгө моралдык укугу жок», - деди билим берүү министри.

Окуучулардын өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маселелер башка баяндамачылар тарабынан да көтөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up