Нарындагы мектепте мугалимдердин башын бириктирген семинар өттү (сүрөт)

Нарындагы мектепте мугалимдердин башын бириктирген семинар өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде мугалимдердин усулдук иштери жана жаш педагогдор менен иш алып барууну жандандыруу боюнча семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Казыбек Асылбеков билдирди.

«Семинар райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Андп мектепте сабак берүүнүн заманбап талаптарына ылайык сабак өтүүнүн үлгүлөрүндө ачык сабактар, усулдук тренингдер, жаш лидерлер үчүн мектепти башкарууну жакшыртуу боюнча усулдук сунуштар мерчемделген.

Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы Б.Исакова, усулчулар Р.Томотоева, С.Эмилбек уулу жана Нарын районунун мектептеринен 103 мугалим катышышты. Иш-чара мугалим А.Эгембердиеванын күчү менен даярдалган «Жаш таланттар» ийриминин маданий программасы менен башталды. Анын алкагында окуучулардын таланттары тартууланып, мектептин тарыхы боюнча окуучулардын презентациясы орун алды. Маданий иш-чаранын соңунда класстан жана мектептен тышкаркы иштердин уюштуруучусу Г.Касымалиева сөз сүйлөп, семинарды ачты жана күндүн жүрүшү менен тааныштырды. Ал эми мектептин директору К.Асылбеков катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Мындан соң катышуучулар топторго бөлүнүп, мугалимдердин ачык сабактарына жана жаш лидерлер тренингге күбө болушту.

Семинардын жүрүшүнө ылайык катышуучулар орус тили жана англис тили сабактарынын интеграцияланган үлгүсүндө «Жизнь и творчество А.М.Горького» деген аталыштагы сабакка күбө болушту. Сабакты мектептин алдыңкы мугалимдери К.Жуматаева жана А.Талипова өткөрүштү. Экинчи топ Гүлү Касымалиева жана Азима Токтосунова сыяктуу чыгармачыл мугалимдердин, биология жана химия сабактарынын интеграцияланган «Кан басымы» деген сабакты көрө алышты. Үчүнчү топтун үлүшүнө мектептеги оригиналдуу идеялары менен таанымал Айнура Малабаеванын «Татаал эфирлер» деген аталыштагы практикалык сабакты көрүү вазийпасы тийди. Катышуучулардын төртүнчү тобу биология жана география интеграцияланган «Жаныбарлар дүйнөсүнө саякат» деген аталыштагы сабагын көрө алышты. Аталган сабакты мектептин дагы бир мыкты мугалимдеринин бири Улан Абылаев жана Айгүл Акматова өтүштү.

Семинардын кийинки бөлүгүндө жогорудагы катышуучулардан түзүлгөн топтор Тоюнбек кызы Нурай, Алмазбекова Акылайдын «Мезгил үнү жана IT» интеграцияланган ийриминин «Мезгил үнү кечөө жана бүгүн», башталгыч класстарынын мугалимдери Аскарова Жүзүмкан, Сарматова Бактыгүл, Сейдинова Дамира тарабынан уюштурулган интеллектуалдык «Акыл ордо» иш-чарасына, Шериктеш борборунун мүчөлөрү тарабынан уюштурулган ата-энелер үчүн тренингге жана физика сабагынын мугалими А.Икремованын «Буулануу» декген темадагы ачык сабагына күбө болушту.

Түшкү тыныгуу мезгилинде катышуучулар ата-энелер тарабынан даярдалган «Акылман сынчы жана Акыл-Карачач» аттуу сценкалаштырылган жомокко күбө болушту. Күндүн экинчи бөлүгүндө мектептеги тренерлер А.Малабаева, А.Токтосунова тарабынан уюштурулган «Баалоо техникасы жана сабакка баа берүү ыкмалары» деген темада тренинг болуп өттү. Ал эми жаш лидерлер болсо күндүн башынан аягына чейин К.Асылбеков жана А.Бакиров тарабынан уюштурулган «Билим берүү тармагын жакшыртуудагы жаш мугалимдердин салымы» деген темадагы тренингде катышышты.

Катышуучуларды услдук кеңештин төрайымы А.Алсеитованын жетекчилиги менен уюштурулган усулдук аймактардын көргөзмө куралдарынын көргөзмөсү жана «Фауна жана Флора» интеграцияланган ийрими тарабынан жасалган жандуу жаратылыш бурчу кызыктырбай койгон жок.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар ар бир өтүлгөн иш-чаранын маанилүүлүгүнө, чыгармачылыгына токтолуп, семинар мыкты деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, мектептин ишине ийгилик каалашты», - деди мектеп директору Казыбек Асылбеков.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up