Нарын шаардык «Манас таануу» сынагында Токтогул мектебинин окуучулары 3-орунду алышты (сүрөт)

Нарын шаардык «Манас таануу» сынагында Токтогул мектебинин окуучулары 3-орунду алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарынын билим берүү бөлүмү тарабыныан Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын шаардык туру өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка шаардагы мектептерден 11 команда катышты. Командалар 2 топко бөлүнүп, орус тилдүү жана кыргыз тилдүү мектептер өзүнчө таймашты.

Бул таймашта Нарын шаарынын №1 Токтогул атындагы орто мектебинин «Ак-Нур» командасы орус тилдүү класстар арасында 3-орунга ээ болуп, 3-даражадагы диплом менен сыйланышты. Ошондой эле Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн громатасы тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up