Ошто мугалимдер техникалык чыгармачылыкты жайылтуу боюнча талкуу жүргүзүштү

Ошто мугалимдер техникалык чыгармачылыкты жайылтуу боюнча талкуу жүргүзүштү

Билим АКИpress - Ошто «Ийрим сабагын окутуудагы усулдар» аттуу семинар болуп өттү. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун усулдук бөлүмүнүн усулчусу Калыскан Акматова билдирди.

Семинардын максаты — «Илим, техника жана өндүрүш» жумалыгында техникалык чыгармачылык багыты боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, ийрим мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу.

Иш-чарага Ош облусундагы 7 райондун чыгармачылык борборлорунан мугалимдер катышты.

Семинардын жүрүшүндө Араван районундагы балдардын чыгармачылык борборунун, «Жаш физик» ийриминин мугалимдеринин иш тажрыйбалары көрсөтүлдү. Шахмат, «Жаш жол тескөөчү» боюнча дагы мыкты окуу усулдары жайылтылып, кантип иш алып баруу керектиги боюнча мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up