Өзгөндөгү №62 кесиптик лицей 5,5 млн сомдук техникалык жабдуулар менен толукталды (сүрөт)

Өзгөндөгү №62 кесиптик лицей 5,5 млн сомдук техникалык жабдуулар менен толукталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 13-февралда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жайгашкан Кулназар Ташиев атындагы №62 кесиптик лицейине бейөкмөт уюмдардын жардамы менен 5,5 млн сомго жабдуулар келип, ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага БУУнун өкүлдөрү, Өзгөн районунун акими жана Ош облусунун ыйгарым укукту өкүлүнүн сектор башчысы, айыл өкмөт башчылары, лицейде окуган студенттер катышты.

«Бүгүн Кулназар Ташиев атындагы №62 кесиптик лицейге БУУнун тарабынан 5,5 млн сомдук техникалык жабдуулар тапшырылды. Анын ичинен электрондук китепкана жана жыгач усталар бөлмөсүнө 36 миң долларлык жабдуулар жана 45 миң долларлык темир ширетүүчү, автоунааларды оңдоочу бардык техникалык каражаттар орнотулду. Эми жакынкы күндө тажырыйбалуу адистердин тобун түзүп, иш менен камсыз болот», - деди аталган кесиптик лицейдин жетекчиси Мирланбек Молдояров.

№62 кесиптик лицей 47 жылдан бери иштеп келет. Учурда 60тан ашык окутуучу эмгектенсе, 300дөн ашык студенттер билим алат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up