Ак-Талаадагы 3 мектепте ата-энелерге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалымат берилди (сүрөт)

Ак-Талаадагы 3 мектепте ата-энелерге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалымат берилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районундагы 3 орто мектепте өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Гүлмайрам Нурманбетова билдирди.

Маалым болгондой, Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов, Чолок-Кайың айылындагы Бердаалы Календеров жана Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектептеринде «Адам баласынын бирдиктүүлүгү баарысынан өйдө (Ч. Айтматов)» деген ураандын астында ата-энелерге жана окуучуларга чогулуш өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө диний экстремизмге азгырылбоо, эрте никеге турууга каршы болуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, өзүн өзү өлтүрүүгө жол бербөө жана мектеп рэкетчилигин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Улукбек Бегаалы уулу, райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Сүйүндүк Кадыров, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Гүлмайрам Нурманбетова, ардагер мугалимдер Садыр Касымбаев, Олег Итигулов жана мектеп директорлору катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up