Нарында окуучулар Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушту (сүрөт)

Нарында окуучулар Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Совет аскерлеринин Ооган жергесинен чгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата райондук бириктирилген аскер комиссариатынын демилгеси менен «Эрдик сабактары» өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын ардагерлери жана Нарын райондук бириктирилген аскер комиссариатынын өкүлдөрү чакырылган. Анда Ооган согушунун ардагери, генерал-майор Мелс Бекбоев окуучуларга согуштун келип чыгуу себептери жана жыйынтыгы жөнүндө кызыктуу аңгеме куруп берди. Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооган жергесинен чыгуу жана андагы жоготуулар жөнүндөгү жаңы маалыматтар жолугушуунун катышуучуларын кызыктырды. Окуучулар суроолоруна жооп алышты.

Жолугушууда Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилди. Ошондой эле ардагерлерге окуучулар чакан программадагы концерт тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up