Чаткалдагы окуучуларды эми Odissey үлгүсүндөгү унаа мектепке ташыйт (сүрөт)

Чаткалдагы окуучуларды эми Odissey үлгүсүндөгү унаа мектепке ташыйт (сүрөт)

Билим АКИpress - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда мектептен алыс жашаган окуучуларды ташуу үчүн 2 айдоочуну Odissey үлгүсүндөгү автоунаалары менен алышты. Бул тууралуу 13-февралда Билим АКИpress басылмасына Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, мурун Кормоцех, Чапаев жана Кара-Суу айылдарында 9-классты бүтүргөндөр жашаган жеринен алыс жайгашкан Смайыл уулу Матиш атындагы мектепке жөө барып, келүүгө аргасыз болушчу.

2019-жылы маселе чечилип, 4-февралдан баштап 10-11-класстардын 25 окуучусун мектепке унаа менен жеткиришүүдө. Ал үчүн Каныш-Кыя айылдык башкармалыгы Odissey үлгүсүндөгү автоунаасы бар жеке жүргүнчү ташуучулар менен келишим түзүшкөн. Айдоочуларга чыгымдарды жана эмгек акы төлөп беришет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up