Нарындагы №1 Токтогул мектебинде окуучуларга ысык тамак берилип жатат (сүрөт)

Нарындагы №1 Токтогул мектебинде окуучуларга ысык тамак берилип жатат (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарынын №1 Токтогул атындагы мектебинин окуучуларына эл аралык уюмдардын жана ата-энелердин колдоосу менен ысык тамак берилип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жаңы окуу жылынан баштап мектепте окуучулардын ысык тамагы үчүн жергиликтүү бюджеттен 145 миң сом бөлүнүп, ашканасы өндөп-түзөөдөн өткөрүлшөн. БУУнун Азык-түлүк пограммасынын пилоттук мектеби болуп киргизилип, фонд тарабынан 600 миң сомго ашкана эмеректери жана бир жылга ун азыктары берилди. Ошондой эле ата-энелер жана демөөрчүлөр тарабынан 24 миң сомго стол, отургучтар менен камсыз болду.

Ата-энелер балдары үчүн ай сайын кошумча акча беришет. Учурда 254 окуучу 5 күн ысык тамак ичишет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up