Нарында мектеп окуучуларына жол эрежелерин үйрөтүшүүдө (сүрөт)

Нарында мектеп окуучуларына жол эрежелерин үйрөтүшүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 12-февраль күнү Нарын шаарындагы №4 Эсенгул Ибраев жана Кычан Жакыпов атындагы орто мектептеринин окуучуларына жол эрежелери боюнча сабактар өтүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Нарын облусунун ЖКККБ кызматкерлери 2 мектептин окуучуларына жол эрежелерин туура сактоо, Нарын шаарында күн алыс кар жаап, жол чийиндери көрүнбөй калгандыктан, жолдон абайлап өтүү, ар дайым жол чыракты кароо керектиги тууралуу түшүндүрүп, окуучулардын суроолоруна жооп беришти. Иш-чаранын максаты — жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up