Кочкордогу мектепте окуучулар менен Кыргыз Эл акыны Каныбек Жунушов жолугушту (сүрөт)

Кочкордогу мектепте окуучулар менен Кыргыз Эл акыны Каныбек Жунушов жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районунун Сагынбай Орозбаков атындагы орто мектебинде окуучулар менен Кыргыз Республикасынын Эл акыны Каныбек Жунушовдун жолугушуу кечеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, аталган орто мектептин директору Нурлан Бакировдун уюштуруусу менен балдар акыны Каныбек Жунушов менен окуучулар жолугушту. Анда окуучулар акындын өмүр жолу, чыгармачылык ийгиликтери менен кеңири таанышышты. Андан сырткары, акындын чыгармаларынан көркөм окуп, сценкаларды коюшту.

С.Орозбаков атындагы мектептин эмгек жамааты К.Жунушовду жакында эле «Кыргыз Эл акыны» наамын алышы менен куттуктап, чапан, калпак кийгизишти. Өз кезегинде К.Жунушов мектептин китепканасына өзүнүн китептерин белекке берди.

Каныбек Жунушов балдар үчүн жазган чыгармалары үчүн Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын лауреаты, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси болгон. Ошону менен бирге жакында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» жогорку наамын алды.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up