Алайда патриоттук сынак өтүп, 9 окуучу облустук турга жолдомо алышты (сүрөт, видео)

Алайда патриоттук сынак өтүп, 9 окуучу облустук турга жолдомо алышты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Алай районунда «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу кароо-сынак өтүп, жыйынтыгында 9 окуучу облустук турга жолдомо алышты. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун улуттук маданият жана тил бөлүмүнүн башчысы Дилярам Нуралиева билдирди.

Анын айтымында, сынакка Алай району боюнча 14 айыл өкмөттөн таланттуу окуучулар катышты. «Сынакка 50дөн ашуун окуучулар келип катышты. Алар вокал, бий, музыкалык аспапта кол ойнотуу боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сынак 7 жаштан1 1жашка чейинкилер арасында, 12 жаштан 14 жашка чейин, 15 жаштан 17 жашка чейин болуп, 3 бөлүктө өттү. Жыйынтыгында ар бир курак боюнча мыктылар аныкталып, 9 окуучу облустук турга жолдомо алды. Жеңүүчүлөргө Алай райондук билим берүү бөлүмү жана райондук балдардын чыгармачылык борбору тарабынан грамоталар тапшырылды», - деди Д.Нуралиева

Алай районундагы 14 айыл өкмөттө 52 мектеп бар. Аталган сынак 2016-жылдан тартып мектеп окуучулары арасында уюштурулуп келет.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up