Жалал-Абаддагы №704 аскердик бөлүк окуучуларга эшигин ачты (сүрөт)

Жалал-Абаддагы №704 аскердик бөлүк окуучуларга эшигин ачты (сүрөт)

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарындагы КР Куралдуу Күчтөрүнүн №704 аскердик бөлүгүндө Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, жоокердик жашоону даңазалоо багыты көздөлгөн саамалыкка Жалал-Абад шаарындагы 15 мектептин 10-11-класстарынын окуучулары катышып, жоокерлердин жашоо шарты менен таанышып чыгышты. Атайын аскердик техникаларды, курал-жарактарды, жоокерлердин жаткан жайларын да көрүштү.

Жоокерлердин сабактары окуучуларга да кыска мөөнөт менен өтүлдү. Балдар кызыктырган суроолорду беришип, жооп ала алышты. Мугалимдер да бул саамалыкты колдоп, мекенге болгон сүйүүнү арттырган Ачык эшиктер күнү көбүрөөк өтүүсү керектигин белгилешип, ыраазычылыктарын айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up