Ат-Башы райондук китепканасы окурмандарына китептерди белек кылды (сүрөт)

Ат-Башы райондук китепканасы окурмандарына китептерди белек кылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы райондук китепканасында 14-февраль — Эл аралык китеп белек кылуу күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, иш-чарага райондун тургундары, активдүү окурмандар келишти. Мектеп окуучулары китепти даңазалаган көркөм окууларды, обондуу ырларды аткарып, келген меймандарга табышмак жашырышты.

Ак-Муз айылынан келген китепкана кызматкери райондук китепканага китеп белекке берсе, райондук китепкана бардык меймандарга китеп белек кылды. Ошондой эле китептин келип чыгуусу, анын түрлөрү жана китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтар айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up