Ноокатта мектеп окуучулары бири-бирине китеп белек кылышууда (сүрөт)

Ноокатта мектеп окуучулары бири-бирине китеп белек кылышууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 14-февралда Ноокат районундагы 112 мектепте Китеп белекке берүү күнү белгиленди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зайнабидин Мамасадыков маалымдады.

Иш-чаранын жүрүшүндө айрым мектептердин окуучулары эртең менен мугалимдерди китеп белекке берип тосуп алган болсо, башка мектептерде атайын салтанаттуу линейкалар болуп өттү. Кээ бир мектептерде сахналык көрүнүштөр да орун алды.

Андан тышары, окуучулар «Кел-кел», «Сынган кылыч» ж.б китептердин томдуктарын китепканага белекке беришүүдө. Бул иш- чара жалпы район боюнча өтүп, окуучулар бири-бирине, мугалимдерге, ата-энелерине китеп белек кылышууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up