Ысык-Көлдүн окуучулары райондук администрациянын иши менен таанышты (сүрөт)

Ысык-Көлдүн окуучулары райондук администрациянын иши менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында мектеп окуучулары үчүн Ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Чолпон-Ата шаары менен Кара-Ой айылындагы мектептердин 11-класстарынын окуучулары алгач райондук администрация адистеринин, акимдин жана анын орун басарларынын иш бөлмөлөрүн көрүп чыгышты. Андан соң Ысык-Көл районун акими мектеп окуучулары менен маектешип, окуучуларды кызыктырган ар кыл суроолорго жооп берди.

Бул иш-чара жаш өспүрүмдөрдү мамлекеттик кызматка тартуу максатында уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up