Караколдо мектеп окуучулары арасында аскердик сынак өттү (сүрөт)

Караколдо мектеп окуучулары арасында аскердик сынак өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы «Каскад гвардия» балдар-өспүрүмдөр аскердик патриоттук спорт клубунда советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылышынын 30 жылдыгына карата сынак болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Уюштуруучу Нурлан Салибаевдин айтымында, сынакка шаардын бардык мектептеринин окуучуларынан куралган 3 команда катышты. «Иш-чарада балдар аскердик кол күрөшү (армейский рукопашный бой), автомат чачып-чогултуу, Ооган согушу тууралуу суроолорго жооп берүү, гиря көтөрүү жана эстафета боюнча мелдешишти», - дейт ал.

Балдардын оюнуна Ооган согушунун жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери күбө болушту. Ошондой эле ардагерлер хору балдарга патриоттук, ата мекендик ырларды аткарып беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up