Мектеп сыймыгы: Сүрөткө жан киргизип тарткан Ынтымактын өнөрлөрү (фото)

Мектеп сыймыгы: Сүрөткө жан киргизип тарткан Ынтымактын өнөрлөрү (фото)

Билим АКИpressүлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Кезектеги биздин каарманыбыз — Бишкек шаарынын 17 жаштагы тургуну Муратбек уулу Ынтымак Г.Айтиев, Т.Сыдыков сыяктуу өнөр адамдарынын жолун улантууну кыялданып, билим алып жаткан кези. Аймактагы кабарчы таланттуу окуучу менен таанышты.

Ынтымак 2002-жылы Талас районунун Арал айылында төрөлгөн. 7-класска чейин ошол айылда окуган. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы Т.Сыдыков атындагы көркөм сүрөт балдар мектебинде билим алып жатат.

«Бир байкем жыгач устасы, жыгачтан ар түрдүү нерселерди жасайт. Балким, мен анын эмгектеринин натыйжасында шыктанып, сүрөтчү болууга кириштим деп ойлоп калам, анткени анын жасаган ишетри мага аябай жакчу. Кичинекей кезимде Максат байкем экөөбүз сүрөт тартып олтуруп бир альбомду толтуруп салганбыз. Ал да сүрөттү жакшы тартчу, биринчи тартып берет, мен болсо анын сүрөттөрүн туурап, артынан кайталачумун.

Кийин мектепте 3-класста окуп жүргөндө бизге сүрөт сабагынан берген Бердияр Раманкулов агай менин сүрөтчүлүккө шыгым жана кызыгуум бар экенин байкап, мага башка тапшырмаларды берип жүрдү. Сабактан кийин агайдын үйүнө барып, кечке чейин сүрөтчүлүк боюнча сабак алып жаттым. Мектепте ар бир майрамга карата окуучуларга, дубал гезиттерге сүрөт тартып берип калчумун. Кээде карасаң, коридордо дээрлик менин сүрөттөрүм илинип турчу. Кийин Бердияр агай башка мектепке которулуп кеткенине байланыштуу өз алдымча иштей баштадым.

Ошол эле убакта өспүрүм балдар арасында көп кароо-сынактарга катыштым. «Мекенин Кыргызстан» аттуу сынакта 30 окуучунун арасынан 1-орунду алгам. Ал сүрөтүм азыр деле көз алдымда, анда Кыргызстандын ажайып, кооз жаратылышы түшүрүлгөн. Ал сүрөт эргүү жана кыялдануу менен тартылган десем болот.

Мен 7-классты бүткөндөн кийин ата-энем атайын сүрөт мектебинен билим алсын деп, Т.Сыдыков атындагы көркөм сүрөт мектебине тапшыртышты. Тапшыруу үчүн 15 сүрөт берип, ал сүрөттөрүң сынактан өтсө, окуу мүнкүнчүлүгүн алат экенсиң. Бул жакта окуп жатканыма быйыл 3 жыл болду, буйруса, жакшы жетишкендиктер бар. Азыр сүрөт гана тартпастан, гипстен айкелдерди
жасап, пластилин менен иштегенди дагы үйрөнүп жатам.

Келечекке койгон максаттарым көп. Буйруса, Г.Айтиев, Т.Сыдыков сыяктуу таланттуу инсандардын сап башында турган аталардын жолун жолдосом дейм», - деп айтып берди Ынтымак.

Ынтымактын алгачкы сүрөт мугалим Бердияр Раманкулов агай да окуучусу жөнүндө ой бөлүштү. «Балдардын арасында таланттуулар мугалимдин көзүнө бат илинет эмеспи. Ынтымак да башкалардан
айрымаланып турчу. Кийинчерээк экөөбүзчогуу иштей баштадык. Мен ага ар бир нерсени сүрөтчүнүн тили менен түшүндүрүп бергенге аракет кылчумун. Экөөбүз бир окуу жылдын ичинде тарткан сүрөттөрүбүздү мектептин сүрөт бөлмөсүнө көргөзмөгө койгонбуз. Ошол кезде Ынтымак 4-класста окуйт эле. Ал жердеги сүрөттөрдүн санын жана сапатын көргөн адам 4-класстын окуучусу тартканына ишенбейт болчу. Сүрөттөр бир бөлмөгө батпай, сыртка чейин чыгарып, тизгенбиз. Буйруса, келечекте Ынтымактан мыкты сүрөтчү чыгарына мен ишенем. Ал ар бир сүрөткө жан киргизе тартып, анын үстүндө көп иштеп, көп ойлонот», - дейт агай окуучусу тууралуу.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up