Нарындагы Р.Усубалиев мектеби менен ата-энелердин байланышы чыңдалууда (сүрөт)

Нарындагы Р.Усубалиев мектеби менен ата-энелердин байланышы чыңдалууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Рысбек Усубалиев атындагы орто мектебинде «Мектеп менен ата-эне окуучу үчүн чогуу аракетте» деген темада Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары С.Абдыбилиев билдирди.

Иш-чаранын максаты — ата-эне менен мугалимдин ортосундагы болгон байланышты чыӊдоо, ата-энени мектеп турмушу менен тааныштыруу, ата-эне менен коомчулукту мектепке тартуу ынтымагын күчөтүү, ошону менен бирге окуучулардын билим сапатын көтөрүү.

Ачык эшиктер күнүнө ата-энелер, айыл тургундары чакырылып, мугалимдердин көргөзмөлүү ачык сабактарына катышышты. Мындан сырткары, кол өнөрчүлөрдүн атайын көргөзмөсү, мектеп парламенти менен таланттуу окуучулардын маданий иш-чаралары тартууланды. Мектеп директорунун жарым жылдык отчету жана өткөрүлгөн иш-чаралар, бирге иштеп жаткан долбоорлор, алдыдагы пландар тууралуу ата-энелерге маалымат берилди.

Келген коноктордон сырткары, Нарын шаарында жайгашкан Борбордук Азия университетинин өкүлдөрү да келип, сабактарга катышышты жана 9-10-11-класстын окуучулары жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрүштү. Алар мектепке чакан белеги менен келип, кызматташуу тууралуу айтышып, ыраазычылык билдиришти.

Ата-энелер уюштурулган иш-чарага ыраазы болушуп, мындан ары да мектеп менен тыгыз байланыш түзүп, сабактарга үзгүлтүксүз катышып турушарын билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up