Ноокендеги №34 мектептин окуучулары Ооган согушунун ардагерлерине концерт коюп беришти (сүрөт)

Ноокендеги №34 мектептин окуучулары Ооган согушунун ардагерлерине концерт коюп беришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Ноокен районундагы №34 мектепте советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — окуучуларды Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын катышуучулары менен тааныштыруу, аларды сыйлоого, кадырлоого чакыруу, патриоттук сезимин ойготуу жана мекенин сүйүп, коргоого тарбиялоо.

Иш-чарага катышкан Ооган согушунун ардагерлери Бакытбек Мырзабаев, Медербек Мамадалиев, Абдыманап Арстанов жана Адыл Кимсанбаев окуучулар менен маектешип, алардын кызыккан суроолоруна жооп беришти. Ал эми окуучулар тарабынан концерт тартууланып, белектер берилди. Иш-чаранын соңунда конокторго сый тамак уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up