Ноокенде Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу Дооронбек Садырбаев эскерилди

Ноокенде Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу Дооронбек Садырбаев эскерилди

Билим АКИpress - Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Эл Баатыры, кинорежиссёр, жазуучу, коомдук ишмер Ноокендин сыймыктуу кулуну болгон Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдык мааракесине карата эскерүү кечеси болуп өттү.

Кечеде акындын калемине таандык ырлар окуучулар тарабынан көркөм окулду. Ошондой эле №26 Анаркулов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты Ч.Айтматовдун «Кыямат» чыгармасынын негизинде тартылган «Акбаранын көз жашы» театралдык көрүнүшүн коюшту.

Ноокен райадминистрациясынын башчысы-аким Э.Маматаев Д.Садырбаевдин өмүр жолу, чыгармачылыгы жана коомдогу орду тууралуу айтып өттү. Андан сырткары, эскерүү кечесине жазуучунун бир туугандары келип катышышты. Бир тууган карындашы Г.Садырбаева сөз сүйлөп, агасынын жасаган иштери, тарткан кинотасмалары, коомдук ишмер катары эл үчүн кылган кызматына токтолуп, келген элге ыраачылыгын билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up