Рот-Фронт айылындагы мектепте Ооган согушунда курман болгон жоокер үчүн эскерүү тактасы ачылды

Билим АКИpress - Канттагы «Жаӊы муун» өспүрүмдөр отряды Рот-Фронт айылындагы мектептин бүтүрүүчүсү, Ооган согушунда курман болгон Полуэктов Владимир Анатольевичтин эскерүү тактасынын ачылышына катышышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Владимир Полуэктов 1987-жылы Ооган согушунда эрдик көрсөтүп, курман болгон. Иш-чарага курман болгон жоокердин апасы менен эжеси атайын Россиядан келишти. Эскерүү тактасынын ачылыш аземинде мылтык менен асманга ок атуу жөрөлгөсү болуп, Ооганда курман болгондор 1 мүнөт үн катпай эскерилип, гүлчамбарлар коюлду. Конокторго мектеп окуучуларынын Ооган ардагерлерине арнаган көргөзмөсү уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up