Мугалимдер.kg: Кеминдик билим берүүнүн мыктысы А.Тулебаева азыркы жана мурунку окуучулар тууралуу

Мугалимдер.kg: Кеминдик билим берүүнүн мыктысы А.Тулебаева азыркы жана мурунку окуучулар тууралуу

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Биздин кезектеги каарманыбыз — Айнагүл Тулебаева. Ал билим берүү тармагында эмгектенип келе жатканына 35 жылдын жүзү болду. Ардактуу мугалим иш үстүндөгү кызыктуу окуялары, эмгек жолу, азыркы жана мурунку убактагы окуучулардын айырмасы жөнүндө айтып берди.

Мугалим 1961-жылы Кемин районундагы Боролдой айылында төрөлгөн.

«Ар бир эле кесиптин түйшүгү бар. Биздин жумушубуздун оорчулугу — иш кагаздарынын абдан көптүгү. Анан ар бир кесиптин түйшүгү менен кошо жакшы жактары да бар эмеспи. Биздин кесиптин жакшы жагы өсүп келе жаткан муундарга билим жана тарбия берүүдө өз салымыӊды кошсоӊ, андан өткөн бакыт барбы?! Азыркы жаштар өзүн эркин алып жүрүшөт. Себеби ар кайсы интернет булактарынан жана чет өлкөлүк кинотасмалардан өзүн эркин алып жүргөн жаштарды көп көрүшөт эмеспи. Биздин убакта тартынчаак болчубуз. Айырмасы ушунда», - дейт ал.

Ал жумуш учурундагы эсинде калган кызыктуу окуясынан бөлүштү. «Бир жолу өзүмөн-өзүм кызык окуяга туш болдум. Жумуштан калькулятор менен иштеп жатып, телефон менен бир жерге чалам деп трубканы алдым. Анан эле баскычтарын басып, номурду терсем, чалынбай койду. «Эмне эле болуп атат?» деп коём. Көрсө, бир колум менен телефондун трубкасын алганым менен, экинчи колум менен баягы калькуляторду эле баса бериптирмин. Жанымда бир директордун орун басары отурган. Ал күлүп жиберди. А мен уялып кеттим. Жумушта мындай кызыктуу окуялар болуп турат», - деп айтып берди мугалим.

Айнагүл үже үзүрлүү эмгектин арты менен Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасына, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына, «КРБилим берүүсүнүн мыктысы» наамдарына ээ болгон.

«Боролдой орто мектебин 1978-жылы аяктадым. Орус тили жана адабияты боюнча жогорку билимди Педагогикалык институтунда 1983-жылы алдым. Эмгек жолумду Ак-Суу районундагы Эӊилчек мектеп-интернаттан тарбиячы болуп баштагам. Кийин орус тили жана адабияты мугалими болуп Каракол, Токмок шаарларында иштедим. Райондук билим берүүдө иштегенге чейин Кемин №1 мектепте тарбия иштер боюнча директордун орун басары болуп эмгектенгем. 2006-жылы райондук билим берүү бөлүмүнө жетектөөчү адис болуп бардым. 2014-жылдан баштап башкы адис болуп иштедим», - деп айтып берди Айнагүл Тулебаева.

Ардактуу мугалим үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулдун апасы.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up