Ош шаарында мыкты шарттар менен «Китеп kg» дүкөнү ачылды

Билим АКИpress - Ош шаарында эң сонун шарттар менен «Китеп kg» дүкөнү ачылды. Бул китепканада ар түрдүү китептерди сатып алууга, убактылуу ижарага алып окууга, китеп дүкөндөн жеңил-желпи тамактанып, китеп окуп олтура берүүгө шарттар түзүлгөн.

14-февраль — Эл аралык китеп белекке берүү күнүндө Ош шаарындагы 30 жашка чейинки мугалимдердин ортосунда «Беш сандык» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Жыйынтыгында келечек ээлерин окутуп жаткан мугалимдерге аталган жаңы китепкана китептерди белекке берип, иштерине ийгилик каалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up